Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Казакстанда Назарбаевдин мурдагы жардамчысы камалды


Марат Шайхутдинов.
Марат Шайхутдинов.

Астана шаарынын райондор аралык атайын соту Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Марат Шайхутдиновду “мамлекеттик сырды жайылтууга” айыптуу деп таап, 7 жылга кести. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кабарлады.

Өлкөнүн атайын кызматы “мамлекеттик сырды ачыкка чыгарып жиберүү фактылары”, “тыңчылык” жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренелери боюнча козголгон кылмыш иштери иликтенип бүткөнүн жарыялады.

Ушул эле иштердин алкагында дагы эки киши – Леонид Скаковский 11 жыл 3 айга жана Олег Ждан 11 жылга эркинен ажыратылды.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматында тыңчылык, чыккынчылык жана мамлекеттик сырларды жарыялоо кайсы мамлекеттин пайдасына болгону айтылган эмес.

63 жаштагы Марат Шайхутдинов 2009-жылдан бери Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген. 2015-жылдан биринчи орун басары болуп турган.

2018-жылдан кийин ал бул кызматта милдет аткаруучу катары калган жана Казакстандын ошол учурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жардамчысы болуп келген. 2019-жылы Назарбаев президенттиктен кетип, ордуна Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы катары шайланган.

Шайхутдинов 2017-жылы ошол учурдагы парламент төрагасы Касым-Жомарт Токаев менен чогуу Орусиянын президенти Владимир Путинден — "Достук" орденин алган. Бул аларга Орусия менен Казакстандын элдеринин кызматташтыгын жана достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG