Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Бишкекте Путинге каршы пикетке чыккан орус жараны жазага тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыккан орус жараны Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен айыпка тартылды. Адвокат Бакытбек Автандил орусиялык Владимир аттуу жаранга сот 3 миң сом айып салганын, бул чечим мыйзамсыз экенин, андыктан кийинки соттук инстанцияга апелляциялык арыз берилерин билдирди.

Акцияны жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уюштурган. Ал орус президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонго сыйлык тапшырганын айыптап, «Агрессор агрессорго орден тагыптыр» деген билдирүүлөрүн айтып келген жана 7-октябрда элчилик алдында пикетке “Таш менен урганды аш менен ур” деген жазуу, бир табак аш жана бир табак таш алып чыккан. Аны колдоп акцияга Өмүрбек Кангелдиев аттуу адам жана өзүн Владимир Кайданович деп тааныштырган орусиялык чыккан. Үчөөнү тең милиция кармап кетип, Токтонасыров менен Кангелдиевди жазасыз бошоткон.

Бүл күнү Санкт-Петербургда КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммити өттү. Анын бейрасмий бөлүгү Путин менен Рахмондун 70 жылдык юбилейлерине арналды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул иш-чарага катышкан жок.

4-октябрда Путин Рахмонду "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Орден "аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" да берилгени жазылган.

6-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу пикирин билдирип, «Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот. Кыргыз жерине төгүлгөн күнөөсүз адамдардын каны муздай электе, балдарынан айрылган энелер күйүткө батып отурганда, жайкын тургундар кыйраган үйлөрүнө кайтып жаткан маалда мындай сыйлыктын берилиши негиздүү таң калууну жаратат» деген.

Быйыл сентябрдын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн эки мамлекет бирин бири аскердик агрессияга айыптап жатат. Кыргызстан 63 жаранынан ажырап, 200дөн ашыгы жараат алган, чек аралаш айылдарда жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG