Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Тажикстандын элчиси ТИМге чакыртылды


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Бүгүн 8-октябрда Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакырылганын, министрликтин басма сөз катчысынын “Фейсбуктагы” жеке комментарийине карата тажик тараптын расмий протести орунсуз экени айтылганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

“Кыргызстан демократиялык мамлекет экени жана өлкөнүн негизги мыйзамына ылайык ар бир жаран өз пикирин эркин билдирүүгө укугу бар экени өзгөчө белгиленди. Кыргыз тарап тажик тараптын жалган маалыматтык өнөктүк жүргүзүү боюнча тандап алган деструктивдүү ыкмасы натыйжасыз экенин жана тынчтыкты, туруктуулукту сактоого шарт түзбөй турганын билдирип, жек көрүү жана улут аралык кастык атмосферасын түзбөөнү талап кылды жана кабыл алынган протоколдор алкагындагы милдеттерин ак ниет аткарууга чакырды” деп айтылат ТИМдин маалыматында.

4-октябрда Орусия президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Орден "аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" да берилгени жазылган.

6-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу пикирин билдирип, «Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот. Кыргыз жерине төгүлгөн күнөөсүз адамдардын каны муздай электе, балдарынан айрылган энелер күйүткө батып отурганда, жайкын тургундар кыйраган үйлөрүнө кайтып жаткан маалда мындай сыйлыктын берилиши негиздүү таң калууну жаратат» деген.

7-октябрда Тажикстан кыргыз ТИМинин басма сөз катчысынын билдирүүсүнө байланыштуу бул өлкөдөгү элчи Эрлан Абдылдаевге нота тапшырып, аны “саясий маданият менен жөнөкөй дипломатиялык этиканын жоктугу” катары баалай турганын билдирген.

Быйыл сентябрдын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн эки мамлекет бирин бири аскердик агрессияга айыптап жатат. Кыргызстан 63 жаранынан ажырап, 200дөн ашыгы жараат алган, чек аралаш айылдарда жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG