Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Орусиянын суучулдары Крым көпүрөсүнүн жарылуу болгон жерин изилдей башташты


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Крым көпүрөсүнүн талкаланган жериндеги аймакты бүгүн 9-октябрдын таңында суучулдар изилдей башташты. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

8-октябрда Керч кысыгындагы көпүрөдө жарылуу болгон. Автомашиналар жүргөн жолдун бир жак тарабындагы бир нече метрлик тилке талкаланып, сууга түшкөн жана поезд жүрүүчү жол да жабыркаган.

Кийин автомобилдик жолдун бир тарабы да, темир жол да кайра иштей баштаганы кабарланган.

Орусиячыл саясатчылар бул окуя үчүн Украинаны айыпташкан. Украина расмий комментарий берген эмес, бирок айрым украин саясатчылары Орусиянын Коргоо министрлиги менен Федералдык коопсуздук кызматынын ортосундагы тирештин натыйжасы деген пикирин жазышкан.

Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салган согушта көпүрө орус аскерлерин камсыздоочу негизги жолдордун бири болууда.

Көпүрөдө баратып жарылган оор жүк ташуучу машина Орусиянын аймагынан киргени аныкталды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG