Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Украинанын күчтөрү Херсон облусунан дагы беш айылды бошотту


Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 7-октябрга карата маалыматтар камтылган карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 7-октябрга карата маалыматтар камтылган карта.

Украин аскерлери Орусиянын күчтөрү басып турган Херсон облусунун Бериславский районунда Нововасиловка, Новогригоровка, Новая Каменка, Трифоновка, Червоное аттуу беш айылды бошотту. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 12-октябрдагы билдирүүсүндө айтылды.

Үч күн мурдагы маалыматында украин тарап августтун башынан бери Херсондо 1200 чакырым чарчы аянтты кайтарып алганын маалымдаган.

Орусиянын күчтөрү 10-октябрда украин шаарларын жапырт аткылоосунан бери да чабуулун улантууда. 11-12-октябрда ондогон шаарларга ракета, артиллерия жана дрондор аркылуу чабуул болду.

Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда бир суткада алар бир топ соккулардын токтотуп калышканын билдирди.

“Бир таңда 28 ракета атышса, анын 20сы түшүрүлдү. 15тей, дээрлик баары ирандык өндүрүштөгү учкучсуз учактар сокку урду. Көбү атып түшүрүлдү. Орусиялык соккулардан коргоп калган биздин аба күчтөрүбүздүн, кургактыктагы күчтөрүбүздүн жана чалгын кызматыбыздын кызматкерлерине ыраазычылык билдирем!”, – деди Владимир Зеленский.

Орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрда контрчабуулдун алкагында бошоткон. Ал жүрүштөр августтун аягында башталган жана дале уланууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги мурдараак өз карталарында Харьков жана Херсон облустарынан өз күчтөрү чегингенин көрсөтүп жатат. Аймактардагы жикчилдер чегинүүнүн себеби катары кошумча кол жетишпей жатканын, мобилизацияга тартылгандар али келип үлгүрө электиги менен түшүндүрүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG