Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Пакистанда автобустагы өрттөн 18 киши набыт болду


Кырсык болгон жер. Пакистан, 12-октбярь 2022-жыл
Кырсык болгон жер. Пакистан, 12-октбярь 2022-жыл

Шаршембиде кечинде Пакистанда суу ташкындан эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келаткан автобустан өрт чыгып, бери дегенде 18 киши өмүрүнөн ажырады. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун аймактагы кабарчылары маалымдагандай, окуя Синд чөлкөмүндө, Карачи порту менен Хайдерабад шаарларын туташтырган кан жолдо болгон.

Полиция жана күбөлөр набыт болгондордун арасында 8 жашы жетелек бала бар экенин айтып беришти. Дагы он чакты киши жараланды. Автбуста 35 киши бараткан.

Кырсыктын себеби азырынча тактала элек. Полициянын божомолунда өрт автобустун арткы бөлүгүндө тутанып, бүтүндөй унааны каптаган.

Пакистанда июнь айынан бери тынбай жааган нөшөрдөн улам суу ташкыны жүрүп, 1400дөй адамдын өмүрүн алды. 13 миң киши жаракат алып, миллиондогон адам үй-жайсыз калды. Көбү коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Суу ташкыны сентябрда басаңдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG