Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

Тажик прокуратурасы дагы бир блогерди узак мөөнөткө кесүүнү сурады


Журналист жана блогер Далер Имомали.
Журналист жана блогер Далер Имомали.

Тажик прокуратурасы журналист жана блогер Далер Имомалини 10 жарым жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берген, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген, тыюу салынган уюмдун ишине катышкан" деп айыпталууда.

Журналист айыптарды четке кагып, мыйзамсыз ишкердик кылганын гана моюнуна алган.

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып жазгандай, кийинки отурумда сот Имомалинин акыркы сөзүн укмакчы.

Журналистти 15-июнда кармап кетишкен. Көп өтпөй ал Ютубдагы материалдары үчүн алган кирешеден салык төлөгөн эмес деп шектелгени маалымдалган. Кийин жогоруда сөз болгон айыптар тагылган. Анын кылмыш иши “жашыруун” деген гриф менен каралып жатат.

Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. 4-октябрда Имомали менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн Абдулло Гурбати жети жарым жылга кесилген. Алар акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарында айрым аткаминерлерди сынга алышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттердин кармалышын айыптап, тажик бийлигин сөз эркиндиги чөйрөсүндө өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга, журналисттерди куугунтуктоону токтотууга үндөп жатат.

Расмий Дүйшөмбү ал чакырыктарга жооп берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG