Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:59

Путин менен Эрдогандын жолугушуусунда украин согушу талкууланбаганы айтылды


Эрдоган менен Путин. Астана, 13-октябрь, 2022-жыл
Эрдоган менен Путин. Астана, 13-октябрь, 2022-жыл

Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Астанада кездешкенде Украинадагы согушту талкуулаган жок. 13-октябрдагы жолугушууга чейин Эрдоган регионалдык саммитте жаңжалды жөнгө салууга арачы түшүүгө даярдыгын кыйытып, дипломатия кан төгүүнү токтотууга мүмкүнчүлүк берерин айткан.

РИА Новости агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун “Орусия-Украина жаңжалын жөнгө салуу темасы талкууланган жок” деген сөзүн жазды. Түрк президентинин кеңсеси комментарий бере элек.

НАТОго мүчө Түркия Батыштын Москвага каршы санкцияларына кошулбай, Орусия жана Украина менен жакшы мамилелерди сактап келатат. Эки жолу тараптардын тынчтык сүйлөшүүлөрүн өз жергесинде өткөргөн. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Зеленский 13-октябрда Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын мүчөлөрү менен жыйында Путин менен сүйлөшүүгө барбасын, эл аралык мыйзамдарды урматтабаган лидерлер менен дипломатия мүмкүн эместигин кайталады.

Анкара БУУ менен биргеликте украин портторунан дан азыктарды чыгаруу макулдашуусуна жетишкен. Түркия ошондой эле тараптардын согуш туткундарын айырбаштоосуна ортомчулук кылган. 21-сентябрда украиналык 215 жана орусиялык ондогон аскер менен москвачыл саясатчы алмаштырылган.

XS
SM
MD
LG