Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Машинелерге милдеттүү видеокаттоо орнотуу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир автоунаага видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирүүнү көздөөдө.

Бул тууралуу мыйзам долбоору 14-октябрдан тарта коомдук талкууга коюлду. Министрлик видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого жана айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн билдирүүдө.

"Жол эрежесин бузгандарды аныктоого жана жол кырсыктарынын себебин талдоого жол ачылат, айдоочулардын жоопкерчилиги көтөрүлөт жана өлкөдө кылмыштуулуктун азаюусуна шарт түзүлөт", - деп жазылган маалыматта.

Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөртүлгөн мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Демилгечилер бул убакытка чейин айдоочулар видеорегистратор сатып алууга жетишет деп билдиришкен.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мыйзам долбооруна жарандар дагы өзгөртүүлөрдү сунуштай алышат.

Кыргызстандын базарларында машинеге орнотулуучу видеокаттоо аппаратынын баасы 2 миң сомдон жогору турат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров апрель айында ички иштер министри Улан Ниязбековго өлкөдөгү бардык машинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо системасын орнотуу каралган мыйзам долбоорун даярдоону тапшырган.

Ал эми февраль айында Акылбек Жапаров милицияга жол кырсыктарын 50% азайтуу тапшырмасын берген. Автомектептерге лицензия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа үзүрүн бериши керектигин эскерткен.

ИИМдин маалымдашынча, 2021-жылдан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт кеткен. 18 миңден ашуун адам түрдүү жараат алган.

Жол кырсыгынан каза болгондордун 70% ашууну 25-40 жаштагы жарандар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG