Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Алматыда Путиндин Казакстанга сапарын сындаган активист 15 суткага камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алматынын адистештирилген райондор аралык соту орус президентинин Казакстанга сапарын сындаган активист Рафик Жарылкасымовду 15 суткага камоо чечимин чыгарды.

Sud.kz сайтын Рафик Жарылкасымов Орусиянын президенти Владимир Путиндин сапарына байланыштуу "мыйзамсыз митингге" чакырык таштаганын жазды.

Активист Административдик тартип бузуулар кодексинин 488-беренеси боюнча (Казакстанда тынч митингдерди өткөрүү жана уюштуруу мыйзамдарын бузуу") айыпталган. Маалыматта Жарылкасымов "толугу менен күнөөнү моюнуна алганы" жазылып, ошол эле учурда "тартип бузбаганын айтты" деп белгиленген.

Рафик Жарылкасымовдун жубайы Вера “Азаттыктын” казак кызматына билдиргендей, 13-октябрда жарандык кийимчен белгисиз адамдар аны дүкөндөн алып кеткен. Анын айтымында, ал кишилер эч кандай документ көргөзгөн эмес жана кармоонун себебин түшүндүргөн жок.

Фейсбукка чыккан видеодо өзүн казак жараны Рафик Жарылкасымов деп атаган адам 15-октябрда “Путиндин келишине каршы” митингдерге чыгууга чакырганын көрүүгө болот. Ал буга чейин бийликтен митингге уруксат берүүнү сураганын, бирок оң жооп албаганын айтты.

Путин бейшембиге караган түнү Астанага учуп келген. Ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине жана мындан башка эки саммитке катышмакчы. Путин Астанада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Социалдык тармактарда орус лидеринин казак башкалаасына келишине каршы сын күчөгөн. Укук коргоочулар, саясат таануучулар, катардагы жарандар Орусиянын Украинага басып киргенин айыптап келет.

Астанада орус элчилигинин алдына чыккан төрт активистти шаршембиде полиция кармап кетти. Ошол эле күнү бир нече киши Алматыда Пушкиндин эстелиги алдында акция өткөрдү. Аларды да тартип коргоочулар кармап, кийин кое беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG