Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Эл аралык мунапыс уюму Ирандагы акцияларда 23 бала өлтүрүлгөнүн билдирди


Ирандагы нааразылык акциясында тартылган сүрөт.
Ирандагы нааразылык акциясында тартылган сүрөт.

Эл аралык мунапыс уюму 14-октябрда билдиргендей, Иранда өткөн айда болгон каршылык акцияларында 23 бала өлтүрүлгөн.

Уюм тараткан маалыматка караганда, 22 жаштагы Махса Амининин абакта каза болушуна байланыштуу тутанган ири толкундоолордо жалпысынан эки жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Он күндөн ашуун уланган каршылык акцияларында мерт кеткен балдардын арасында үч кыз, 20 эркек болгон. 11-17 жашка чейинки балдардын көбүн коопсуздук күчтөрү атып өлтүрүшкөн, ал эми үч кыз менен бир баланы өлгүчө сабашкан.

БУУнун балдар кору (ЮНИСЕФ) 10-октябрда Ирандагы "балдардын, өспүрүмдөрдүн кармалышы жана өлтүрүлүшү боюнча" кабарларга абдан тынчсызданып жатканын билдирди.

Иранда адеп-ахлак полициясы хижабсыз жүргөнү үчүн 13-сентябрда кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини үч күндөн кийин каза болгон. Полиция анын жүрөгү кармап көз жумганын билдирген. Жакындары анын жүрөгү эч качан оорубаганын айтып чыккан. Күбөлөр кызды полиция кармоо учурунда катуу сабаганын билдиришкен.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарында тутанып, полиция акциянын катышуучуларын күч менен таркатууга аракет кылган.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесишкен. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар да болду.

XS
SM
MD
LG