Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

 Элмирбек Иманалиевдин буюмдары тарых музейине тапшырылды


Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Элмирбек Иманалиевдин колдонгон айрым буюм-тайымдары, кол жазмалары Улуттук тарых музейине экспонат катары өткөрүлдү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” акындын жубайы Нурзат Абдрашитова билдирди. Анын айтымында, тарых музейинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия Элмирбек Иманалиевдин маданий жайга өткөн буюмдарын иргеп чыгып, андан соң ага арналган стенд ачылат.

Музейге акындын комузу, чапаны, калем сабы, наам-сыйлыктарынын тастыктамасы, кол жазмалары жана архивдик сүрөттөрү өттү. Арасында жазуучу Чыңгыз Айтматов акынга белек кылган чапан да бар.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк өнөрдөн сырткары «Манас» айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган.

Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу чыгармаларды жараткан. Ошондой эле мурунку белгилүү акындардын айтыштарын эске салып, алардын мазмунун бузбай аткара билген.

«Айтыш» коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты болгон таланттуу акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан каза болгон. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG