Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Депутат Талиева өкмөттүн Баткенди калыбына келтирүү ишин сынга алды


Камила Талиева.
Камила Талиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин Баткен облусунун айылдарын калыбына келтирүү иштери начар жүрүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, өкмөт “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамды да аткарбай жатат деп сынга алды.

"Баткен облусунун макамы жөнүндө" деген мыйзамдын эле аткарылышын алып көрөлү. Президенттин жарлыгы чыгып, 500 млн. сом бөлүнгөн. Анын бир сому да иштетилген жок. Лейлек районуна 125 млн. сомду согуштан кийин ызы-чуу кылган соң гана берди. Жобосу да жок. Акимдер аны эмне кылышты билбей отурат. Мына, өкмөттүн иши. Согуштан кийин уюштуруу иштери да болгон жок. Социалдык тармакты тейлеген орун басары (ред: Министрлер кабинетинин төрагасынын) ошол жерге барып жатышы керек эле. Элге эле убал болду. Кыш болсо келатат. Борбордук айылында 16 үйдүн ордун казып эле коюшту. Социалдык объектилер жылбай турат”, - деди Талиева.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын каза болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүү жай тургундар. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо объектилери, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

Бакыт Төрөбаевдин сөзү боюнча, Баткен районунда чек ара чырында зыян тарткан 321 үйдүн 134ү боюнча иштер аткарылды. 21 турак жайдын пайдубалы түптөлдү. Лейлек районундагы 101 үйдүн ичинен 49у боюнча иштер жүрүп жатат. Баткендеги калган 203 турак жайдын орду тазаланууда. Андан тышкары 27 социалдык объект боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тогуз объектини жаңы куруу үчүн 1 млрд. 340 млн сом бөлүндү.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 200дөй жараны жаракат алганын кабарлаган. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.(BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG