Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

"Эйр Манастын" жаңы учагы Орусияга каршы санкциялардан улам учпай турат


Жаңы учакка "Каганат" аты ыйгарылган.
Жаңы учакка "Каганат" аты ыйгарылган.

"Эйр Манас" авиакомпаниясынын жаңы Airbus учагы Орусияга каршы санкциялардан улам "Манас" аэропортунда токтоп турат. Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын жыйынында Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди. Ал фракциянын лидери Улукбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып учак Орусия менен Украинанын ортосундагы окуяларга байланыштуу учпай калганын белгиледи.

"Орус -украин окуяларынан улам Орусиянын Мамлекеттик транспорттук лизинг компаниясы (ГТЛК) АКШнын жана Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине кирип калган. Жаңы учак дал ушул ишканага таандык болгондуктан Airbus компаниясы жана Америка бийлигинин уруксатысыз абага көтөрүлө албайт. Учак азыр "Манас" аба майданында турат. Авиакомпания учурда Египеттен дагы эки учак сатып алып, учууларды калыбына келтирүү маселесин караштырып жатат", - деди Настаев.

2021-жылы жазында "Эйр Манас" жеке авиакомпаниясы Кыргызстанга Airbus A220 тобундагы жаңы үлгүдөгү учак алып келген жана ага "Каганат" деген ысым ыйгарган. Ошол кезде "Манас" аба майданы “Мындай жогорку үлгүдөгү авиалайнерди эксплуатацияга алуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү иш-чара", - деген маалымат тараткан.

Airbus учагын башкарууну үйрөнүү үчүн "Эйр Манас" компаниясынын экипажы жана техникалык кызматкерлери Германиядан окуп келишкен.

Соңку эсепте, Кыргызстанда каттоодон өткөн учактардын көбү бузулуп, үчтөн бири гана колдонууга жарары айтылган.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европа Биримдигинин "кара тизмесине" кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG