22-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 20...25;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 23…25° жылуу болот.