Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

АКШ: Крымда ирандыктар дрондорду учурууга жардам берип жатышат


Орустар украин шаар-кыштактарын аткылап жаткан жанкечти дрондор.
Орустар украин шаар-кыштактарын аткылап жаткан жанкечти дрондор.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында иран аскерлери Украина шаарларына дрон менен сокку урууга орусиялыктарга жардам берип жатат. Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирби 20-октябрда билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Иран дрондорду учурууга орусиялык аскерлерге жардам берүү үчүн атайын адистерди жөнөткөн. Бул маалыматты британ өкмөтү да ырастады.

"Тегеран азыркы учурда Украинанын жарандык жайларына жана карапайым тургундарына залака келтирген курал-жабдык берүү менен согуштук аракеттерге аралашууда", - деди Кирби.

Ал Байдендин администрациясы Орусияга дрон сатканы үчүн Иранга санкция киргизүүнү көздөп жатканын билдирди.

АКШнын бул айыптоосуна Тегеран жооп бере элек.

Америка чалгын кызматтарынын эсебинде, дрондорду жаңыдан колдоно баштаганда орусиялыктар бир катар оорчулуктарга туш болушкан. Ошондуктан ирандык адистерди чакырууга туура келген.

АКШ, Британия, Франция жасаган билдирүүгө караганда, Ирандын Орусияга учкучсуз аппараттарды сатышы БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2015-жылкы резолюциясына каршы келет. Ага ылайык, эл аралык коомчулук санкцияларды жеңилдетмек, ал эми Тегеран айрым курал-жабдыкты экспорттоону токтотууга милдеттенме алган.

Москва соңку он күндөн бери украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруп жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Тегеран болсо Москвага дрон сатканын четке кагып келет.

Кремль да Украинада бир гана орус техникасы колдонулуп жатат деп ишендирип жатат. Эксперттер Орусиянын согушта Иранда өндүрүлгөн дрондорду колдонуп жатышы "Москвада курал-жабдык таңкыс экенинин далилдейт" деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG