Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Кемпир-Абад: Өзгөндөгү жөө жүрүш уланууда


Жөө жүрүшкө чыккандар. 22-октябрь, 2022-жыл.
Жөө жүрүшкө чыккандар. 22-октябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, 100дөй киши колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатышат.

Алар Кемпир-Абад суу сактагычына жакын аймактагы айылдарды кыдырышарын айтышты.

21-октябрда дагы Өзгөндө ушундай жөө жүрүш өткөн болчу. Анда айрым тургундар Бишкекке чейин барарын айтышкан.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатат деп айткан.

Президент Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, элдин 99% келишимди колдоруна ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген. Бирок алардын атын атаган эмес.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. Оппозиция кыргыз-өзбек чек ара келишиминдин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча позициясын кескин сындап жатат. 21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн. (TSh/AАb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG