Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Таласта милиция кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат


Талас облусу. Архив сүрөт.
Талас облусу. Архив сүрөт.

Таласта облустук ички иштер башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн башчысы, подполковник М.А. аттуу кызматкердин өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул маалыматты "Азаттыкка" 22-октябрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 21-октябрда 50 жаштагы кызматкердин башына ок тийип, ооруканага жеткирилген. Саат 20:10 чамасында жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Кызматкер 14-октябрдан бери ден соолугуна байланыштуу жумушка чыкпай жүргөнү, бул боюнча оорукананын аныктамасы бар экени айтылат.

Маркумдун жакындары анын өлүмү боюнча комментарий бере элек.

Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG