Орусиянын армиясы соңку суткада Украинанын энергетикалык инфратүзүмүн көздөй кеминде канаттуу 36 ракета атты. Украин тараптын абадан коргонуу күчтөрү анын 18ин бутага жеткирбей түшүрдү. Калган ракеталар бир топ объектилерди талкалап кетти.
Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда билдиргендей, кезектеги жапырт сокку Волынь, Одесса, Хмельницкая, Кировоградск, Днепропетровск, Ровненск, Николаев, Запорожье облустарынын аймагындагы объектилерге жасалды. Ал орус тарап атайын энергетика тармагын талкалоого аракет кылып жатканын белгилеп, тургундарды электрди өтө сарамжалдуу колдонууга чакырды.
Расмий маалыматка ылайык, соңку чабуулдардан 1,5 миллиондой үй электр энергиясыз калды. Бийлик өкүлдөрү камсыздоонун бир бөлүгү калыбына келтирилгенин, калгандары боюнча иштер уланып жатканын билдирүүдө.
Орусия 10-октябрда Украинанын энергетикалык обьектилерине ракеталык соккуларды урган. Андан бери Украина күн сайын ракеталык соккуларга кабылып жатат. Энергетика министри Герман Галущенко өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын 30-40% чейин жабыркаганын маалымдады. Анын чыгымы бир нече миллиард доллар деп эсептелди. (ErN)