Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Иркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап түштү


Иркутск шаарындагы аскердик учак кыйрап түшкөн үйдү өрт чулгаган, 23-октябрь 2022-жыл.
Иркутск шаарындагы аскердик учак кыйрап түшкөн үйдү өрт чулгаган, 23-октябрь 2022-жыл.

Орусиянын Иркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап түштү. Орус бийлигинин маалыматына ылайык, 23-октябрдагы бул окуядан учактын эки пилоту тең мерт болду.

"Жайкын тургундар арасында жабырлануучулар жок", - деп билдирди Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Бийлик Су-30 аскердик учагы машыгуу маалында кырсыкка учураганын билдирүүдө. Бирок учактын кыйрашына так эмне себеп болгону айтыла элек.

Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев жарыялаган видеодон эки кабаттуу үй өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.

Бир нече күн мурда Орусиянын Краснодар крайындагы Ейск шаарында турак жайга Су-34 аскердик учагы кулап түшкөн. Андан 15 киши каза таап, 19у жаракат алган.

Иркутск шаарындагы соңку окуя боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG