Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Кыргызстанда айрым провайдерлерде интернет жакшы иштебей калды


Кыргызстанда интернет кызматын көрсөткөн айрым интернет провайдерлер.
Кыргызстанда интернет кызматын көрсөткөн айрым интернет провайдерлер.

Кыргызстанда 24-октябрда айрым провайдерлерде интернет жакшы иштебей калды. Колдонуучулар "Мегаком" уюлдук байланыш операторунун "Акнет", "Элкат", "Кыргызтелеком" компанияларында интернеттин ылдамдыгы начарлап кеткенине даттанышууда. Аталган компаниялар буга интернет жеткирүү линиясындагы техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун билдиришти.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернет жеткирген магистралдык линиялардын биринде авария болгонун, жакын арада калыбына келтирилерин маалымдады.

Ошол эле учурда айрым колдонуучулар VPN (Virtual Private Network - Виртуалдык жеке тармак) аркылуу интернет жакшы иштеп жатканын маалымдашууда.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.

Камакка алынгандар "Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилип жатат" деп бийликти сындап келатышкан. Президент Садыр Жапаров чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген.

Бул күнү Бишкекте жана Ошто камакка алынган активисттерди, саясатчыларды бошотууну талап кылган акция өттү. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG