Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы алмашты


Шабданбек Алишев.
Шабданбек Алишев.


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин буйругу менен Шабданбек Алишев парламенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы 24-октябрда маалымдады.

42 жаштагы Шабданбек Алишев буга чейин президенттик администрацияда, кийинчерээк Жогорку Кеңеш төрагасынын кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Буга чейин ЖКнын аппаратын Бакытбек Мажитов жетектеп келген.

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагалыгына 5-октябрда шайланган. Ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов спикерликтен өз каалоосу менен кетип жатканын билдирип, буга "парламенттеги айрым окуялар себеп болгонун" кыйыткан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG