26-октябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, тоо этектеринде жаан жана кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 7…12;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2 градус.
Бишкекте түнкүсүн жана кундүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 8…10° градус жылуу болот.
Дагы караңыз