Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Орусия аннексиялаган Мелитополдо машине жарылып, беш киши жабыркады


Машине жарылган жер. Мелитополь, 25-октябрь, 2022-жыл

Орусия аннексиялаган Запорожье облусундагы Мелитополь шаарында шейшемби күнү эртең менен машине жарылды. Аймактын Орусия дайындаган администрациясы беш киши жабыркаганын, окуя теракт катары каралып жатканын билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, "ЗаМедиа" медиахолдинги жайгашкан имараттын жанында токтоп турган машинеде колго жасалган жардыргыч зат жарылган. Беш киши жеңил жаракат алды, бирөө ооруканага түштү.

Имараттын терезелери күбүлүп түштү. Жеринде орусиялык тергөөчүлөр иштеп жатат.

Шаардын украиналык мэри Иван Федоров жарылуунун кесепети тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Анын айтымында, имаратта медиахолдингден тышкары ФСБнын бөлүмү жана орус администрациясы орун алган.

Орусия жасалма референдумдардан кийин Украинанын төрт аймагын мыйзамсыз аннексиялап алган. Бирок Москва ал жерлердин бирин да толугу менен көзөмөлдөбөйт. Киев жана дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгү аннексияны тааныбасын айтышкан.

Аннексияланган аймактарда буга чейин да жардыруулар болгон. Орусия бул үчүн Украинаны айыптоодо, ал эми Киев жоопкерчиликти өзүнө алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG