Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Баткендик ишкерлер 217 млн. сомдон ашуун насыя алышты


Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган дүкөн. Лейлек району. Сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган дүкөн. Лейлек району. Сентябрь, 2022-жыл.

Баткен облусунун ишкерлери 217 млн. 270 миң сом жеңилдетилген насыя алганын Финансы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, "Айыл банк" аркылуу жалпы 305 арыз канааттандырылган.

Баткен облусун өнүктүрүү жана чек ара жаңжалдарынан жабыркагандарды колдоо максатында аймакты жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо долбоору бекитилген. Долбоорго ылайык, насыялар облустун чек ара аймактарында жашаган адамдарга жана ишканаларга берилет.

Айыл чарба, өнөр жай, кайра иштетүү, туризм, транспорт, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялар жана башка багыттарды өнүктүрүү жаатындагы бизнес-долбоорлор каржыланат.

Финансы министрлиги 21-октябрга карата Баткен облусундагы жергиликтүү элди колдоо жана турак жайларды калыбына келтирүү максатында мамлекеттик бюджеттен 100 млн. сом, чек ара аймактарына 110 млн. сом берилгенин маалымдаган. Мындан тышкары Баткенге жардам берүү максатында ачылган атайын эсептен 84 млн. сом которулганы кабарланган.

Баткенди колдоо максатында ачылган "Атайын эсепке" 334 млн. сомдон ашуун акча чогулганы айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны мерт болгону расмий кабарланган. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүү жай тургун. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы жай тургун.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдоого муктаж.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо объектиси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болуп, 200дөйү жараат алганын кабарлаган. "Озоди" өз булактарына таянып каза тапты делген 81 кишинин тизмесин жарыялады. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG