Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Inditex мода үйү Орусиядан биротоло кетет


Испаниялык Inditex мода үйүнө таандык бренддердин бири - Zara дүкөнү. Иллюстрациялык сүрөт.
Испаниялык Inditex мода үйүнө таандык бренддердин бири - Zara дүкөнү. Иллюстрациялык сүрөт.

Испаниянын Inditex мода үйү Орусиядагы бардык дүкөндөрүн сатыкка койгонун 25-октябрда билдирди. Дүкөндөрдү сатуу боюнча Бириккен Араб Эмираттарындагы Daher Group холдинги менен сүйлөшүлгөнүн AFP агенттиги жазды. Inditex компаниясы Daher Group менен франчайзинг келишиминин негизинде кызматташарын маалымдоодо.

Forbes журналы жазгандай, келишим түзүлгөн соң, Орусияда Inditex мода үйүнө таандык төрт бренд — Zara, Pull&Bear, Bershka жана Stradivarius кайрадан, бирок башка аталыштар менен ачылат.

Дүкөндөрүн франчайзинг ыкмасында сатуу менен Inditex жумуш орундарын сактап калууга жетишип, ошол эле учурда Орусиянын базарынан толугу менен кетерин билдирүүдө.

Быйыл мартта испан мода үйү Орусиядагы 502 дүкөнүн бүт жаап, онлайн сатууну гана калтырган.

Жыл башынан берки алты айда компания 1,8 млрд. доллар таза киреше алганы, бул мурунку жылкы жарым жылдык көрсөткүчтөн 41% көп экени кабарланган. Испан мода үйү жаңы дүкөндөрдү ачуу жана онлайн сатууну арбытуу - Орусиядагы соода түйүндөрүнүн жабылышына жакшы кенемте болуп бергенин билдирген.

Орус президенти Путиндин "атайын операция" чечиминин негизинде Украинага кол салуусунан кийин көптөгөн дүйнөлүк компаниялар, бренддер Орусиядагы ишин токтоткон. Алар муну орус саясатына каршылык катары түшүндүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG