Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

"Ыплас бомба" деген эмне? Киев МАГАТЭ инспекторлорун чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын соккуларынан улам Украинанын энергетикалык тармагынын үчтөн бир бөлүгү кыйрады. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский 25-октябрда Украинаны калыбына келтирүү боюнча өткөн жыйында айтты. Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Киевдин өтүнүчү менен Украинага инспекторлорун жөнөтмөй болду. Бул кадам Орусиянын "ыплас бомба" тууралуу айыптоосунан кийин кабыл алынды.

Москва "Украина өз аймагында "ыплас бомба" жардырып, Орусияга шылтагысы келет" деп билдирген, Киев бул дооматты четке какты.

Радиоактивдүү заттар толтурулган дүрмөт

"Ыплас бомба" - бул динамит сыяктуу кадимки жардыруучу заттар менен радиоактивдүү заттардын кошулмасы. Тактап айтканда, радиоактивдүү заттар толтурулган кадимки дүрмөт. Ал жарылганда атомдук бомба сыяктуу жапырт адам өлүмүнө алып келбейт. Бирок ошол жердин калкынын ден соолугуна жана экологияга олуттуу зыян келтирет. Адистердин айтымында, мунун баары бомбанын көлөмүнөн жана анын ичиндеги заттардын көз каранды.

Москва дал ушундай "ыплас бомбаны" Украина өз аймагында жардырып, Орусияга шылтагысы келип жатат деп айыптаган. Расмий Киев андай куралы жана ниети жок экенин билдирип, дооматты четке какты.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба бул маалыматты төгүндөш үчүн өлкөгө Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин миссиясын чакырды.

Аталган эл аралык уюмдун башчысы Рафаель Гросси чакырууну кабыл алып, инспекторлорун жөнөтмөй болду. Алар кайсы объектилерге барары белгисиз. Гроссинин айтымына, эки объект тең буга чейин текшерүүдөн өткөн, алардын биринде бир ай мурда эле инспекторлор болгон жана эч кандай өзөктүк зат табылган эмес.

"МАГАТЭ жакынкы күндөрү бул жайларга барууга даярданууда" деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Рафаэль Гросси.
Рафаэль Гросси.

Расмий Киев "ыплас бомба" колдонууну көздөп жатканын алгач Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 23-октябрда АКШ, Британия, Франция жана Түркиянын өкмөт өкүлдөрү менен телефондон сүйлөшкөндө айткан. Ал эч кандай далил келтирген эмес. Аталган мамлекеттер биргелешип тараткан билдирүүдө "орус тараптын мындай айыптоосу суу кечпей турганы" айтылган.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буга негиз бар экенин белгиледи.

"Украинанын илимий институттарында "ыплас бомба" жасоого шарт түзгөн технологиялар бардыгы тууралуу бизде так маалыматтар бар. Биз ал маалыматты тиешелүү каналдар аркылуу текшергенбиз. Бул негизсиз күмөн саноо эмес, мындай нерселер пландалаганы тууралуу олуттуу негиз бар".

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Твиттердеги баракчасына "бул айыптоону четке кагышарын, Орусия аны эскалацияга шылтоо катары колдонбошу керектигин" жазды.

Украинанын энергетикалык тармагына келтирилген зыян

Орусиянын ракеталары жана Иранда өндүрүлгөн дрондор Украинанын энергетикалык секторунун үчтөн бир бөлүгүн кыйратты. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский 25-октябрда Берлинде өткөн Украинаны калыбына келтирүү жыйынында видео аркылуу кайрылуусунда билдирди.

Жыйынга Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Германиянын канцлери Олаф Шольц баш болгон бир катар жогорку даражалуу саясатчылар катышты.

Урсула фон дер Ляйен Украинанын жарандык объектилерине жасалган соккуларды "терактка" теңеди. Ал ошондой эле Украинаны калыбына келтирүү боюнча координациялык платформанын ишин болушунча тез баштоо зарыл экенин кошумчалады.

"Биз убакытты текке кетире албайбыз. Кыйроолордун масштабы адамды нес кылат. Дүйнөлүк банктын эсебинде келтирилген зыян 350 миллиард еврого чейин жетет", -деп фон дер Ляйендин айткандарын Германиянын канцлери Олаф Шольц да кубаттады. Ал Орусиянын чабуулдарына карабай Украинаны калыбына келтирүү иштерин башташ керек деген пикирде.

"Бул жерде ХХI кылым үчүн жаңы Маршал планын түзүү күн тартибинде турат. Украинаны калыбына келтирүү, реконструкция жана модернизация азыркы муундун алдына коюлган тапшырма. Ал үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракети керек",- деди Шольц.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль, Германиянын канцлери Олаф Шольц. 25-октябрь, 2022-жыл.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль, Германиянын канцлери Олаф Шольц. 25-октябрь, 2022-жыл.

Жыйын өтүп жаткан маалда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Киевге күтүүсүз барды.

Ал согуш башталганы Украинага барууга эки жолу аракет кылып, майнап чыккан эмес. Алгачкы жолу украин бийлиги аны Киевде көргүсү келбей койгон. Буга Штайнмайердин согуштун алгачкы күндөрүндө Украинага беш миң каска сунуштаганы да түрткү болгон.

Ошондой эле украин бийлиги Штайнмайер Германиянын тышкы иштер министри кызматын аркалап турган кезде орус агрессиясы тууралуу эскертүүлөргө кулак салбай койгон деп эсептейт. Кийин Штайнмайер ката кетиргенин мойнуна алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG