Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Нурланбек Шакиев КМШ Парламенттер ассамблеясынын жыйынына катышат


Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы.
Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы.

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган бир катар депутаттар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстанга кетти.

Иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев КМШ парламент башчылары менен жолугат.

Самарканд шаарында өтүүчү жыйындарда Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу да каралган.

Кыргызстандын делегациясында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар.

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп 5-октябрда шайланган. Ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов спикерликтен өз каалоосу менен кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG