Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Казакстанда 200 миңдей кишиден жеке идентификациялык номер алуу арызы түштү


Казак тил клубу. Казакстан, апрель 2022-жыл
Казак тил клубу. Казакстан, апрель 2022-жыл

Казакстанда 21-сентябрдан бери 200 миңдей кишиден жеке идентификациялык номер (ЖИМ) алуу арызы түштү. Бул тууралуу 26-октябрда санарип өнүктүрүү министринин орун басары Асет Турысов билдирди. Орусия жарандарынан канча арыз түшкөнү маалымдалган жок.

Буга чейин кабарлангандай, Орусияда мобилизация жарыяланган 21-сентябрдан 4-октябрга чейин ЖИМди 70 миң орус жараны алган.

Москва Украинага басып киргенден бери өзгөчө Путин мобилизация жарыялагандан кийин орус жарандары башка коңшу мамлекеттер менен катар Казакстанга агыла баштаган.

Сентябрдын этегинде Астана чет өлкөлүктөр үчүн жеке номерди алуунун жолдорун жөнөкөйлөштүргөн.

ЖИМ берилбесе, чет элдик жарандар же фирмалар Казакстандын мамлекеттик органдар тарабынан тейленбейт, банк эсебин ачып, банк операцияларын жүргүзө албайт.

4-октябрда казак ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө 200 миңден ашуун орусиялык киргенин билдирген. Өткөн жумадагы маалыматка караганда, күнүгө казак жергесине Орусиянын 8-9 миң жараны келип, 10-11 миңи чыгып жатат.

Казак бийлиги орусиялык келгиндерге жардам берүүгө үндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG