Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгы белгиленүүдө


Кыргызстандагы Акыйкатчы институтуна 20 жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы Акыйкатчы институтуна 20 жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 26-октябрда Кыргызстанда Омбудсмен институту түзүлгөнүнүн 20 жылдыгы белгиленип жатат. Буга байланыштуу "Акыйкатчы институтунун адам укугун коргоодогу ролу" аттуу илимий-практикалык жыйын уюштурулган. Ага эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, бийликтин өкүлдөрү жана бир нече чет мамлекеттердин акыйкатчылары чакырылган.

Жыйында Акыйкатчы институтунун Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатындагы жүргүзгөн иштери, мамлекеттик бийлик, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом менен кызматташуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Омбудсмен Атыр Абдрахматова Кыргызстандагы адам укуктарынын, анын ичинде балдардын, аялдардын, мигранттардын, аскерлердин, жабык жайлардагы адамдардын укуктары, санариптик коопсуздук жана башка жаатта жүргүзүлгөн иштер, анын натыйжасы жөнүндө айтып берди.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы түзүлгөн. Алгачкы акыйкатчы болуп ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты, "ЭрК" партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу шайланган. Андан кийин акыйкатчылык кызматта укук коргоочу Турсунбек Акун, Бактыбек Аманбаев, Кубат Оторбаев, Токон Мамытов иштеди. (AiB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG