Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Байден өзөктүк курал колдонуунун арты жаман болорун эскертти


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Орусияга өзөктүк курал колдонуунун кесепети жаман болорун эскертти. Ал 25-октябрдагы сүйлөгөн сөзүндө бул Орусиянын "олуттуу катачылыгы" болуп каларын айтты.

"Мен азырынча сөз “жалган желек” операциясы жөнүндө болуп жатканына кепилдик бере албайм. Биз билбейбиз. Бирок бул өтө олуттуу ката болуп калат", -деди Байден журналисттерге.

Жекшембиде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Британия, Франция жана Түркиянын коргоо министрлерине чалып, "Украина өз аймагында "ыплас бомба" (радиоактивдүү материал менен дүрмөктөлгөн кыргын салуучу курал) колдонууга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар" тынчсыздантып жатканын билдирген. Буга эч кандай далил келтирген эмес.

Киев жана Батыш өлкөлөрү Шойгунун бул айтканын орусиялык эскалацияга шылтоо катары дароо четке кагышкан. Батыш аналитиктери Москва Киевди айыптоо үчүн алдын ала “жалган желек” операциясын даярдап жатышы ыктымал деп божомолдоодо.

Украин бийлиги Шойгу айткан "ыплас бомбасы" жоктугун, андай куралды колдонуу ниети да жоктугун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG