Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Бишкекте "МедиаКоон: Эркиндик үчүн" форуму өтүп жатат


Бишкекте "МедиаКоон: Эркиндик үчүн" форуму өтүп жатат. Форум теңчиликти, жарандык активдүүлүктү, саясий сабаттуулукту жайылткан медиа долбоорлорлорго арналган иш-чара.

Novotel конок үйүндө уюштурулган жыйында куралдуу кагылышуу, журналисттик иликтөө, протесттик музыка, жарандык журналистика, активдүүлүк жана уникалдуу социалдык долбоорлор жөнүндө панелдик талкуулар болууда.

Спикерлердин арасында жергиликтүү журналисттерден тышкары Өзбекстандагы Hook.report көз карандысыз медиасынын редактору Виктория Ерофеева, казакстандык журналист Айсана Ашим катышууда.

Иш-чарага студенттер, жаңыдан ишин баштап жаткан жаңы медиа өкүлдөрү келген. Долбоорду "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен IDEA Central Asia ишке ашырып жатат. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG