Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Эски аянтка белгиленген митинг болгон жок


Эски аянт. Бишкек. 26-октябрь, 2022-жыл.
Эски аянт. Бишкек. 26-октябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдындагы Эски аянтка белгиленген митинг болгон жок. Кабарчыбыздын жеринен билдиргенине караганда, аянттагы эки-үч адам Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине нааразылыгын билдирип келишкенин айтышты.

Эски аянтта милиция кызматкерлери көп жана кармалган адамдарды ташуучу атайын автобус алып келинген.

Мурдараак "Кемпир-Абадды коргоо комитети" 26-октябрда Бишкекте башаламандык уюштурууга шек саналып жапырт камалгандарды бошотуу жана Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга бербөө талабы менен митинг өтөрүн кабарлаган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Ошто ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 23 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.

Ага ылайык, 22 адам Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Садыр Жапаров 24-октябрда улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG