Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Төө-Ашуу, Сосновкада жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Сосновка аймактарында жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Чектөө жасалма тыгындарды болтурбоо максатында 27-октябрда саат 14:15тен тартып киргизилгенин жана ал аба ырайы жакшырганга чейин улана турганын Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.

Министрлик транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Жолго чыккан айдоочуларга автоунаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу, чынжыр, күрөк ала жүрүү сунушталды.

Кыргызстанда 17-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 25-октябрдан тартып бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганы маалымдалган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG