Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Баткен: эвакуацияланган 4 миң адам үйүнө кайта элек


Эвакуация болгондор жайгашкан мектеп.
Эвакуация болгондор жайгашкан мектеп.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышууда Баткен облусунда эвакуацияланган 4 миңден ашуун киши үйүнө кайтып бара элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, алардын 278и убактылуу кабыл алуу жайларында, калган 3725 адам башка жарандардын үйлөрүндө жашап жатат.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 136 770 адам эвакуацияланган. Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдоого муктаж.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны мерт болгону расмий кабарланган. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүү жай тургун. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы жай тургун.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болуп, 200дөйү жараат алганын кабарлаган. "Озоди" өз булактарына таянып каза тапты делген 84 кишинин тизмесин жарыялады. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG