Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Түштүк Кореяда тебелендиде калып мерт болгондор 154кө жетти


Түштүк Кореядагы тебеленди катталган жер.
Түштүк Кореядагы тебеленди катталган жер.

Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында пайда болгон тыгындан кийин ооруканага жеткирилген дагы үч адам каза болуп, жалпы курмандыктар 154кө жетти. Корей бийлиги жабыркаган калган 149 адамдын 33ү оор абалда экенин билдирди.

Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон районунда болгон. Каза тапкандардын 20 чактысы чет өлкөлүктөр, алардын төртөө орусиялыктар экени аныкталды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, тыгын 100 миңдей адам чогулган окуя учурунда айрымдары кууш көчөлөрдүн бирине агылганда пайда болгон. Адамдар көчөгө батпай, биринин үстүнө бири жыгылып, тебелендиде калышкан. Көбүнүн жүрөгү токтоп калган.

Хэллоуин Түштүк Кореяда кеңири белгиленбейт. Кырсык болгон район чет өлкөлүктөр көп чогулган маданий борбор болуп эсептелери, ал жерде ресторан жана башка эс алуу жайлары жайгашканы, каза болгондордун көбү 20 жашка чейинки курактагылар экени айтылууда.

Өлкө президенти Юн Сок Ел жалпы улуттук аза күтүү жарыялады. Жарандар жер-жерлерде жана окуя болгон жерге чогулуп, каза болгондорду эскерип жатышат. Шаардык полиция тергөө иштерин улантууда.

Түштүк Кореяда тыгында каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргыз жарандары жок экенин 30-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Кырсыкка байланыштуу президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга көңүл айтты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG