Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Ирандын бийлиги "Эркин Европа/Азаттыктын" кабарчысынын сөөгүн жашыруун көмгөнүн билдирди


Реза Хагигатнеджад
Реза Хагигатнеджад

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматынын кабарчысы Реза Хагигатнеджаддын сөөгү Шираз шаарынын жакасына жашыруун көмүлгөнүн анын үй-бүлөсүнө кабарлады.

Бийлик өкүлдөрү журналисттин атасына уулунун сөөгү көмүлгөн жердин сүрөтүн көрсөткөн. Аны “Фарда” радиосу да жарыялады.

45 жаштагы саясий баяндамачы Реза Хагигатнеджад "Фарда" радиосунун кабарчысы болуп 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал 17-октябрда Берлиндеги "Шарите" ооруканасында өсмө оорусунан (рак) каза болгон.

Маркумдун жакындары Резанын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Шираз шаарында жерге берүү үчүн Иран бийлигинен тиешелүү уруксат алганын айтышууда.

Сөөк Иранга 25-октябрда жеткирилгенден кийин IRGC агенттери аны белгисиз жакка алып кеткен. 27-октябрда Бейгумжан Раиси Хагигатнеджаддын апасы видео билдирүү жасап, анда Ирандын коопсуздук агенттери уулунун сөөгүн уурдап кеткенин айткан.

Бийлик азырынча буга эч кандай комментарий бере элек.

АКШнын Мамлекеттик департаменти журналисттин уурдалышын "жийиркеничтүү" деп атап, Иран бийлигин Резанын сөөгүн тез арада анын үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүгө чакырды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай Ирандын режиминин журналисттин үй-бүлөсүнө карата мамилесин “ырайымсыз таш боордук” катары баалады. (ErN)

XS
SM
MD
LG