Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Кемпир-Абаддын суусун кош башкаруу келишиминин долбоору комитетте жабык каралууда


Кемпир-Абад суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоору ушул тапта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде жабык каралууда.

Аталган макулдашуунун долбоорун комитеттин бүгүн, 31-октябрдагы жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. Депутат Ырысбек Атажанов келишимдин долбоорун жабык кароону сунуштаганын дагы бир депутат Адахан Мадумаров сынга алды. Ал келишимде эч кандай мамлекеттик сыр жоктугун белгилеп, аны ачык талкууга коюуну талап кылды.

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттардын каалоосу менен суу сактагычты кош башкаруу боюнча келишимдин долбоору жабык карала турган болду.

Тармактык комитет 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттин ошол кездеги төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоорго каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетип, ордуна депутат Улан Примов шайланган. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан да ажыратылган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун адам өткөн аптада кармалып, азыр тергөө абактарында отурат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG