Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

АӨБ Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 млн. доллар насыя берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 млн. доллар насыя бөлөт. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 31-октябрдагы жыйынында каралды.

Тармактык комитет Кыргызстан менен Азия ѳнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуунун долбоорун талкуулады. Жыйында белгилүү болгондой, каражат өлкөнүн соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндүмдүүлүгүн арттыруу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана Баткенди калыбына келтирүү иштерине жумшалат.

"Бюджетти колдоого Азия өнүктүрүү банкы бере турган 50 млн. доллар каражаттын 25 млн. доллары насыя, калганы грант. 1,3 млрд. сому Бала-Саруу ГЭСин курууга жумшалат, бул бюджеттик насыя. 3 млрд. сом Баткенди турукташтырууга бөлүнөт", - деди каржы министринин орун басары Руслан Татиков.

Маалыматка караганда, насыяны Кыргызстан 2046-жылы төлөп бериши керек. Баштапкы сегиз жылы жеңилдетилген мөөнөт деп эсептелип, үстөгү 1 пайызды түзөт. Калганы 1,5% менен берилет.

Кыргыз өкмөтү соңку он айда бюджетти колдоо үчүн эл аралык донор уюмдардан 180 млн. доллар алганы буга чейин белгилүү болгон. КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG