Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Талас: убактылуу кармоочу жайдагы өлүмдүн чоо-жайы иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында асынып алган адамдын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу 31-октябрда "Азаттыкка"облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Кылмыш-Жаза кодексинин 37-122-беренеси ("Кылмыш жасоого аракеттенүү, адам өлтүрүү") менен шек саналып кармалган. 31-октябрь күнү 13:30 чамаларында убактылуу кармоочу жайдан өзү кийип жүргөн футболкага асынып каза болгон. Нөөмөткер өмүрүн сактоого үлгүргөн эмес.

Окуя болгон жерди дарыгерлер менен прокуратура кызматкерлери текшерген.

Маркумдун жакындары азырынча комментарий бере элек.

Факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү ​ жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG