Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

РБК: TikTok кызматкерлерине Орусиядан Бишкекке көчүү сунушталган


TikTok социалдык түйүнүнүн орусиялык кеңсесинин кызматкерлерине мобилизация жарыялангандан кийин Бишкекке, Астанага жана Ереванга көчүү сунушталган. Бул тууралуу РБК компаниядагы булактарына таянуу менен билдирди.

TikTok түйүнүнүн Чыгыш Европадагы глобалдык бизнес чечимдеринин жетекчиси Анастасия Панина өзүнүн LinkedIn баракчасында компаниянын Казакстанда жаңы кеңсеси ачылганын жарыялады. Журналисттер бул кеңсени Панина жетектей турганын жазышты.

TikTok кызматкерлерине КМШнын үч өлкөсүнүн бирине көчүүнү сунуштаган. Чыгымдардын баарын, анын ичинде турак жай чыгымдарын компаниянын кызматкерлери өз алдынча төлөшү керек.

Орусия Украинага басып кирген 24-февралдан бери бир катар эл аралык ишканалар Орусиядагы ишмердигин токтоткон.

Орусиянын байланыш жана медиа тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси быйыл августта мыйзамдарды бузган деген негиз менен TikTok, Telegram, Zoom, Discord жана Pinterest сыяктуу бир нече чет элдик компанияларга карата “мажбурлоо чараларын колдонууну” чечкен.

XS
SM
MD
LG