Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Нукустагы окуяларга байланыштуу кармалган 35 киши бошотулду


Өзбекстандын акыйкатчысынын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Өзбекстандын акыйкатчысынын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Июль айынын башында Каракалпакстандагы нааразылык акциясына катышканы үчүн камакка алынгандардын дагы 35и бошотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура аларды Каракалпакстандагы окуяларды өз алдынча иликтеп жаткан комиссия мүчөлөрүнүн жана Жогорку Кенгестин (парламент) өтүнүчү менен 1-ноябрда бошотту.

Буга чейин 34 айыпталуучу августтун аягында, 38 соттолуучу октябрь айынын ортосунда бошотулганы маалымдалган.

Быйыл 1-2-июлда күч органдары Өзбекстандын жаңы Конституциясында Каракалпакстандын макамын өзгөртүүгө каршы Нукус шаарындагы калайман нааразылык акцияларын баскан.

Өзбек бийлиги тараткан маалыматка караганда, Нукустагы башаламандыкка айланган нааразылык акцияларында 21 адам каза таап, 243 киши, анын ичинде укук коргоо кызматкерлери да жарадар болгон. Нааразылык акцияларынан кийин 516 адам камакка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG