Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстанда туристтер үчүн "Босого" борбору ачылды


"Босого" туристтик борбору.
"Босого" туристтик борбору.

Бишкекте "Босого" туристтик меймандостук борбору ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкөгө келген коноктор бул жайдан Кыргызстандагы конок үйлөрдүн жана туристтик жайлардын тизмесин алса болот. Автоунааны ижарага алуудан баштап банктык жана СИМ-карталарды алуу, фирма ачуу өңдүү кызыктырган суроолорго жооп тапса болору айтылган.

Бул быйыл март айында түзүлгөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоорлорунун бири болуп саналат.

"Босого" туристтик борборунда 24 саат бою байланыш түйүнү иштейт, ага уюлдук же стационардык телефондон 7000 кыска номуру аркылуу чалууга болот.

17-мартта кыргыз өкмөтү "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзүп, уставдык капиталын 1 млрд. сом деп белгилеген. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Кыргызстанда учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Чек ара кызматынын маалыматында Кыргызстанга келген туристтердин көбү Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Европа жана Араб өлкөлөрүнүн жарандары. (КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG