Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Руслан Бекназаров үй камагына чыкты


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен кармалып, камакка алынган Руслан Бекназаров үй камагына чыкты. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 2-ноябрда "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, Бекназаров 12-декабрга чейин үй камагында болот.

Апасы Гүлүмкан Мамакеева уулун бошотууну өтүнүп, 25-октябрда президент Садыр Жапаровго кайрылган. Мамлекет башчыга жолдонгон катында Мамакеева уулу "күнөөсү жок жеринен кармалып, камакта отурганын" белгилеген.

Ички иштер министрлиги Руслан Бекназаровду Кылмыш кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 14-сентябрда кармап, камакка алган. Сот аны алгач 12-октябрга чейин, кийинчерээк 12-декабрга чейин камоо чечимин чыгарган, ал №1 тергөө абагында кармалып турган.

Бекназаров камалганга чейин Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан жана кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган. Ал саясатчы жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун баласы. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG