Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

Изилдөө: Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын теңи аз кандуулуктан жабыркайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 50% аз кандуулуктан жабыркайт. Бул энелердин өлүмүнө жана ымыркайлардын ара төрөлүүсүнө алып келери Тамактануу боюнча улуттук изилдөөдө белгиленген. Изилдөөнү Саламаттыкты сактоо министрлиги ЮНИСЕФ, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Мерсико жана USAID уюмунун колдоосу менен жүргүзгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, балдар, өспүрүм кыздар, аялдардын арасындагы анемия жана темирдин жетишсиздиги, аялдарда фолий кислотасынын тартыштыгы коомдук саламаттыкты сактоодогу олуттуу көйгөй бойдон калууда.

Изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, 6 айдан 5 жашка чейинки балдардын 47% темир жетишсиздигинен жабыркайт. Адистер темир жетишсиздиги балдардын физикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилешет.

"Аялдардын жана өспүрүм кыздардын басымдуусу - 86% фолий кислотасынын жетишсиздигинен жабыркайт. Болочоктогу энелердеги фолий кислотасынын тартыштыгы түйүлдүктүн баш мээсинин жана жүлүнүнүн өсүшүндө кемтиктерге алып келиши ыктымал", - деп жазылган изилдөөдө.

Мындан сырткары өлкөдөгү аялдардын 44% семирүүдөн жана ашыкча салмактан жабыркайт, аларда D витамини жетишсиз. Чогултулган маалыматтарга ылайык, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарындагы көптөгөн үй чарбалары азыктын жетишсиздигин сезишет. Мунун негизги себеби жакырчылыктан улам экени белгиленген.

2021-жылы USAID уюму "Мыкты азыктануу" долбоорунун алкагында изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактана турганы аныкталган. Алты айдан эки жашка чейинки балдардын 90% бир суткада азыктануусуна печенье, газдалган суусундук, чипсы, туздалган печенье баштаган зыяндуу азыктарды жей турганы айтылган.

Балдар арасындагы жакырчылык 32,1% деп эсептелген. Беш жашка чыга элек балдардын 43% аз кандуулуктан жабыркайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG