Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:42

Казакстанда көмүр шахтасындагы кырсыктан беш адам каза болду


Караганды облусундагы көмүр шахтасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Караганды облусундагы көмүр шахтасы. Иллюстрациялык сүрөт.

3-ноябрга караган түнү Казакстандын Караганды облусунун Ленин атындагы көмүр шахтасында бургулоо учурунда газга ууланып беш адам каза болду. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын сөөгү шахтадан чыгарылганын маалымдады. Билдирүүдө айтылгандай, ууланып калган тоо кенчилердин төртөө окуя болгон жерде жан берген. Бирөө ооруканада үзүлгөн. Дагы бир нече кызматкер бейтапканада дарыланууда.

Шахтадан жалпы 100дөн ашык кызматкер эвакуацияланды. Полиция “тоо кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Ленин атындагы көмүр шахтасы 1964-жылы ачылган. 1970-жылдан бери анда адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык катталган. 2006-жылы метан газы жарылып, 41 тоо кенчи мерт болгон. Бул шахтанын тарыхындагы эң чоң кырсык деп эсептелет.

Аталган шахта Казакстандагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык. Ал эл аралык Arcelor-Mittal концернине кирет. Компания Казакстанда 15 көмүр шахтасына жана темир кендерине ээлик кылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG