Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

ИИМ: Абактарда экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон 160 адам бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын абактарында бүгүнкү күндө экстремисттик жана террористтик багыттагы кылмыштар үчүн 160 адам камакта отурат. Бул тууралуу 3-ноябрда Жогорку Кеңеште “Экстремисттик ишке каршы аракеттер жөнүндө” мыйзамынын долбоору талкууланып жатканда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Ал мындай терс ишмердүүлүк жүргүзгөндөр азайып келатканын айтты.

Талкуу учурунда депутаттар айрымдар мыйзамсыз соттолуп отурганын, адамды экстремист же террорист деп атоо үчүн жетиштүү далилдер талап кылынарын, бул үчүн тийиштүү экспертизалар калыс жана так жүргүзүлүшү зарыл экенин эскертишти.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев экстремисттик маанайдагылар азаюуда деген пикирге кошулбай турганын айтты:

“Мен азайып баратат дегенге кошула албайм. Булар көбөйүп баратат. Силер көп иштей албай жатасыңар. Шайлоо учурунда үгүт жүргүзүп жүргөндө “шайлоого барбайбыз, бизге болбойт” деген уюмдарга көбүнө жолуктум. Силер жакшыраак иштесеңер көбүрөөк таасириңер тиет”.

Кыргызстанда экстремисттик-террористтик багыттагы уюм деп тыюу салынган уюм-кыймылдардын саны 20нын тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG