Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Кыргыз өкмөтү көмүрдүн баасына убактылуу тескөө киргизди


Кара-Кече.
Кара-Кече.

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик тескөө киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Буга чейин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши ыктымалдыгын, маселе учурда каралып жатканын билдирген.

1-ноябрдан тартып Бишкекте тоннасы 4 миң сомдук көмүр саткан соода түйүндөрү ишке киргенин "Кыргызкөмүр" ишканасы маалымдаган.

Ал эми Казакстандан алып келинген көмүрдүн баасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG