Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Кыз ала качкан кылмыштар сотко жетпей кыскарууда


Кыз ала качууга каршы нааразылык акциясы. Бишкек. 2021-жыл.
Кыз ала качууга каршы нааразылык акциясы. Бишкек. 2021-жыл.

Жыл башынан бери тогуз айда кыз ала качуу боюнча 17 кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, бул иштер Кылмыш кодексинин 172-беренеси ("Никеге мажбурлоо максатында ала качуу") менен козголуп, бирок баары сотко жетпей, кыскартылган. Мунун себеби маалыматта айтылган эмес.

Маалыматка ылайык, ала качуу фактысы менен Бишкекте беш учур катталган. Жалал-Абад жана Ош облустарында - төрттөн, Баткенде - эки, Талас жана Чүй облустарында бирден учур катталган.

Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыштардын бири. Өткөн жылы 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги талаада автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өзүнө кол салганы аныкталган.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен. 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталган.

Укук коргоочулар 2021-жылы зордуктоо боюнча кылмыш иштеринин 75%, ала качуу боюнча иштердин 94%, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук бузуулардын 90% кыскартылганын билдиришкен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG