Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Запорожье АЭСи кайрадан энергетикалык системалардан үзүлдү


Запорожье атомдук электр станциясы.
Запорожье атомдук электр станциясы.

Украинанын "Энергоатом" оператордук компаниясы орусиялык аскерлердин түнкү аткылоосунан улам украин энергетикалык системасынын жогорку чыңалуудагы эки линиясы талкаланып, Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС) кайрадан электр энергия менен камсыздоодон үзүлдү.

Компаниянын маалыматына караганда, станцияда анын керектөөсүн камсыздоо үчүн дизелдик тогуз генератор иштеп жатат. Алардагы күйүүчү май 15 суткага гана жетет. Бешинчи жана алтынчы энерго блоктордо муздатылган абалга келтирилди.

Орусиянын "Росэнергоатом" компаниясынын жетекчилиги болсо АЭСтеги абал үчүн Украинанын бийлигин күнөөлөп, Киев эки блокту өчүрүү менен өзөктүк коркунуч жаратканын билдирди.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.

Станция Украинанын электр тармактарына улам-улам үзүлүп калып жатат. Бул реакторлор Украинанын электр тармактарына ток бергенден сырткары станциянын өзүн да камсыздайт. Реакторлор иштен чыгышы менен АЭС да токтоп калышы ыктымал.

17-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский станцияда Орусиянын 500дөй аскери жана техникалары бар экенин билдирген. Орусия АЭСтин айланасында куралсыз зона түзүп, ал жактан аскерлерин чыгаруудан толук баш тартып келет. 3-октябрда станциянын жетекчиси Игорь Мурашов Орусиянын туткунунан бошотулган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG